Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылындагы 375 окуучуга ылайыкталган мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, мектеп эки кабаттуу, өтмө галерея жана спорт залы менен курулат. Объекттин жалпы аянты 2297 чарчы метрди түзөт.
"Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 65 пайыздык жумушу бүткөрүлдү. Алсак, окуу корпустун дубалы тургузулуп, чатыры, эшик-терезелери орнотулду. Учурда ички жана сырткы курулуш иштери уланууда. Үстүбүздөгү жылы курулушту толук бүткөрүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, объекттин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.