Дзюдочу Олимпиададагы дебютуна бир күн калганда дисквалификация болду

Ирактын дзюдо боюнча олимпиадалык курама командасынын мүчөсү Сехен Саджад Париж Олимпиадасынын алдында допингге каршы эрежелерди бузганы үчүн дисквалификацияланды. Бул тууралуу Эл аралык тестирлөө агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Спортчунун 23-июлда тапшырган допинг сынагында метандиенон жана болденон табылган. Мындан улам ал Олимпиада башталар күнү дисквалификация болду.

Ал бул боюнча Спорт арбитраждык сотуна даттанууга жана В тестинин жыйынтыгын талап кылууга укуктуу.

"Спортчуга бул маселе боюнча маалымат берилди жана ал маселе чечилгенге чейин убактылуу спорттон четтетилди. Бул спортчуга Олимпиада учурунда мелдештерге катышууга, машыгууга, машыктырууга же кандайдыр бир иш-чараларга катышууга тыюу салынат дегенди билдирет", - деп билдирди Эл аралык тестирлөө агенттиги.

28 жаштагы Сажжад Париж Олимпиадасында 81 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашмак. Бул анын алгачкы Олимпиадасы болмок.

Чучукулактын жыйынтыгы боюнча анын биринчи раунддагы атаандашы өзбекстандык Шарофиддин Балтабаев болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан