Ош-Бишкек унаа жолундагы жарнамалык тактайлар алынууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Мамкурулуштан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош-Араван унаа жолундагы, Ош-Бишкек унаа жолунун жээгиндеги көрнөк-жарнактар демонтаждалууда. Мындан ары да демонтаждоо иштери Ош облусунун бардык аймактарында уланат.
Белгилей кетсек, мындай иштер көчө инфраструктурасын тартипке келтирүү, калктуу конуштардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу максатында жасалууда.