Коңшу казакстандык дзюдочу Елдос Сметов Париж шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында алтын байге утту.
Ал алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштап, финалга чейин жетип келди. Финалда казак дзюдочусу франциялык спортчу менен кез келип, анын үстүнөн жеңишке жетти.
Бул Казакстандын Париж Олимпиадасындагы алгачкы алтын медалы. Буга чейин Казакстан ок атууда коло байге уткан.
Елдос Сметов 2016-жылы Риодон күмүш, 2020-жылы Токиодон коло байге уткан.