Денис Петрашов 30-июлда Париждеги XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында 200 метр брасс стилинде сүзүү боюнча мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, мелдеш 4 заплывтан турат, биздин спортчу 3 заплывта күчүн сынайт.
Анын биринчи атаандаштарынын тизмеси:
Эрик Перссон - Швеция
Каспар Корбо - Нидерланддар
Зак Стаблети-Кук - Австралия
Иппей Ватанебэ - Жапония
Джош Мэзени - АКШ
Мигель де Лара - Мексика
Белгилей кетсек, беттештер Бишкек убактысы боюнча 17:00дө башталат.