Ататүрк паркында  16 жаштагы кыз зордукталды

Бишкектин Ататүрк паркында 9-класстын окуучусу зордукталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Октябрь РИИБинен маалымдашты.

Маалымдалгандай, 20-июлда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү Ахунбаев көчөсүндөгү сейил бактардын биринде А. аттуу жаран 2009-жылы туулган С.Гны зордуктаганы айтылган.

Бул факты боюнча 157-берене (Он алты жашка чейинки балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер") менен кылмыш иши козголуп, бардык зарыл экспертизалар дайындалган.

"Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын жөө күзөттөгү кызматкерлери тарабынан 1999-жылы туулган М.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту айыпталуучуга карата СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан