Бүгүн, 28-июлда Париждеги Олимпиада оюндарында Кыргызстандын дзюдочусу Кубанычбек Айбек уулу беттешке чыгып, атаандашынан жеңилип калды.
Белгилүү болгондой, ал 1/16 финалда 66 килограмм салмак категориясында украиналык спортчу, 2022-жылдагы Европа чемпиону Богдан Ядов менен кез келди.
Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Анда Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргоп жатат.