Сузакта чет өлкөлүктөр таксисти бычактап, чек арадан качып чыгууга аракет кылганда кармалды (видео)

Жалал-Абадда таксистти бычактаган деген шек менен коңшу өлкөнүн жарандары кармалды. Бул туралуу бүгүн, 29-июлда облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-июль күнү саат 20:30 чамасында милицияга 1994-жылы туулган жаран телефон чалып, Сузак районунун Кыр-Жол айылынан өзүнө бейтааныш болгон эки бала ур-токмокко алганын, бычак менен бир нече жолу жаракат келтиришкенин, Chevrolet Aveo үлгүсүндөгү унасын айдап кетишкендигин айткан. Өзү болсо жолдон өтүп бара жаткан унааны токтотуп ооруканага келгенин кошумчалаган.

Маалыматты тактоо үчүн ооруканага барган милиция кызматкерлери жабырлануучуга 6 жолу бычак сайылганын аныкташкан.

"Жабырлануучуну 23-июль күнү болжол менен саат 14:00 чамасында чет өлкөлүк 24-25 жана 35-40 жаштардагы балдар "Куршаб айылынан ат сатып алабыз" деген шылтоо менен такси катары жалдашкан. Алар айылга жеткенде "ат саткан адам телефонун албай койду" дешип кайра кайтып келишкен жана эртеси башка жерге барышарын айтышып, анын байланыш номурун алышкан. Өздөрү болсо Өзгөн шаарында жайгашкан чайханалардын биринин жанына түшүп калышкан. Эртеси саат 17:00 чамасында ошол эле эки адам ага Вотсап аркылуу байланышып, аны Кыр-Жол айылындагы адыр жерге айдатып барышып жана ал жерден денесине бычак менен бир нече жолу сайышкан. Жабырлануучу аларга каршылык көрсөтүп унаадан качып түшкөнгө үлгүргөн. Шектүүлөр анын унаасын айдап кетишкен", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон жана жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Шектүү катары коңшу өлкөнүн 1985-жылы туулган А.У. жана 1992-жылы туулган С.З. аттуу жарандары Кызыл-Кыя шаары аркылуу чек арадан качып кетүүгө аракет кылып жатышкан жеринен кармалышкан.

Тергөөдө С.З. мурда соттолуп, учурда издөөдө жүргөндүгү жана өлкө аймагына мыйзамсыз киргендиги аныкталды. Шектүүлөр Сузак райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

29.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан