Өзбекстан дагы Париж Олимпиадасында алгачкы алтын медалын утту

Өзбекстандык дзюдочу Диёра Келдиёрова Париждеги Олимпиада оюндарында өлкөсүнө алгачкы алтын медалды алып келди.

Кыз-келиндер арасында 52 килограммга чейинки салмак категориясында финалдык беттеште Келдиёрова Косовонун өкүлү Дистрия Красничи менен беттешип, аны жеңип алды.

Ошентип Диёра Келдиёрова бул Олимпиадада Өзбекстанга алгачкы алтынды утуп берди. Мындан тышкары бул медаль Өзбекстан курамасы үчүн Париждеги биринчи медаль болду.

Буга чейин Казакстан дагы Париждеги Олимпиадада алгачкы алтын медалын уткан. Анда 60 килограмм салмакта дзюдочу Елдос Сметов Олимпиада чемпиону болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан