Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Ризе провинциясынын партиялык чогулушунда Түркия Израилди басып алышы мүмкүн деп коркутту. Анын сөзүн түркиялык Haberler басылмасы жазды.
"Израиль Палестинага мындай нерселерди кыла албашы үчүн биз абдан күчтүү болушубуз керек. Карабах менен Ливияга киргенибиздей, бул жерге дагы кире алабыз. Бизди эч нерсе токтото албайт. Болгону бул кадамдарды жасоо үчүн күчтүү болушубуз керек”, - деген Эрдоган.
Өз кезегинде Израиль басып алуу коркунучуна жооп кылып, Эрдоганга Ирактын өлүм жазасына тартылган лидери Саддам Хусейндин тагдырын эске салды. Бул тууралуу Times of Israel өлкөнүн тышкы иштер министри Катцка шилтеме берүү менен билдирди.
"Эрдоган Хусейндин жолуна түшүп, Израилге кол салам деп коркутууда. Ал ошондо эмне болгонун жана анын баары кандай аяктаганын эстеши керек", - деп айтылат Израилдин тышкы иштер министрлигинин башчысынын билдирүүсүндө.