Париж шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында коңшулар Казакстан менен Өзбекстан алгачкы алтын медалдарын утушту.
Тагыраагы, эркектер арасында 60 килограмм салмакта казак спортчусу Елдос Сметов тарыхый алтын медалды утса, кыз-келиндер арасында өзбекстандык Диёра Келдиёрова Өзбекстан үчүн алгачкы алтын медалды утту.
Казакстандын учурдагы мыйзамдарына ылайык, Олимпиада оюндарында өлкөгө алтын алып келген спортчу 250 миң доллар алат. Күмүш үчүн 150 миң доллар, коло үчүн 75 миң доллар берилет.
Ал эми Өзбекстан Олимпиада жана Паралимпиада оюндарында медаль уткан спортчуларга төмөндөгүдөй акчалай сыйлык берет: Алтын медаль үчүн 200 миң доллар, күмүш үчүн 100 миң доллар, коло үчүн 50 миң доллар.