
Программалоо боюнча кыздардын Европа олимпиадасында Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу
Айпери Акжолтоева коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлады.
Ага ылайык, 21-июлдан 27-июлга чейин аталган олимпиадага информатика боюнча 50дөн ашык өлкөдөн 194 окуучу кыз катышты.
"Кыргыз курама командасынын жетекчиси №61 АФММЛ ОКнын информатика боюнча олимпиаданын машыктыруучусу Артем Беляев жана "Сапат" олимпиада борборунун информатика боюнча машыктыруучусу Кылычбек Урайымов болду.
Ал эми №61 АФММЛ ОКнын 11-классынын окуучусу Варвара Глинова сертификатка татыды", - деп айтылат анда.