26-27-июль күндөрү Беларустун Брест шаарында өткөн спорттук мелдеште кыргызстандык куткаруучулар 3-орунду алышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Ага ылайык, аталган мелдешке Кыргызстандан сырткары Беларустан жана Орусиядан, жалпы 11 команда катышты.
"Өлкөнүн намысын ӨКМдин 6 куткаруучусу коргошту. Мелдеште катышуучулар реалдуу кырсык учурундагы куткаруу ишинде колдонулган көндүмдөрдү спорт талаасында сынашты", - деп жазылат анда.
Жыйынтыгында 1-орунду Беларусь, 2-орунду Орусия, ал эми 3-орунду Кыргызстан ээлеген.