ӨКМ тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти

30-июлдан 31-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз!
- Арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
- Турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
- Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
- Сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
- Мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү жарык, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан