Украиналык спортчу Парижге келип, бирок түшүндүрмөсү жок эле Олимпиададан баш тартты

Украиналык теннисчи Ангелина Калинина Париждеги Олимпиада оюндарына катышуудан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Новая Каховканын 27 жаштагы тургуну 1/32 финалда нидерландылык Аранчи Рус менен беттешүүгө чыгышы керек болчу. Эми украиналык спортчунун ордуна австралиялык Оливия Гадекки чыгат.

Анын эмне себептен Олимпиададан баш тартканы белгисиз. Ал буга чейин Парижде бир нече машыгуусун өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан