"Гемодиализ алган 2600 бейтап бар. 18 миң 500 киши гепатит, боордун циррозу менен жабыркайт. Бизде эң чоң көйгөй - донор табуу. Азыр Жогорку Кеңештин депутаттары менен сүйлөшүп, ыктыярдуу жана каза болгондон кийинки донорлукту көбөйтөлү деп жатабыз. Башка өлкөлөрдө бул ыкма өнүккөн. Биз да ошону киргизсек, муктаждык маселеси чечилет.
Мага "тууганчылыгым жок, бирок досум, кошунам донор болууга даяр, уруксат бериңиздер" деп келгендер көп болуп жатат", - деди Бейшеналиев.
Ошондой эле Алымкадыр Бейшеналиев 150 адам бөйрөк, 15 бейтап боор алмаштыруу үчүн кезекте турганын кошумчалады.