Бишкекте билим берүү мекемелери текшерилди

Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев жана орун басары Чынара Жаныкееванын катышуусунда жаңы окуу жылына карата мектептердин жана бала бакчалардын оңдоо иштери текшерилди.

Бишкек шаарынын мэриясы билдиргендей, Капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу 5 орто мектепте жана 8 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

"Жуунучу бөлмө, канализация, чатыр, жылытуу системалары оңдолуп жатат. Ошондой эле жаңы терезелер орнотулуп, таман таш төшөлүүдө.
Учурда №56 мектептин чатыры оңдолуп, №14 мектеп, №44 жана №106 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ички жылытуу системасынын оңдоо иштери аяктады", - деп жазылат анда.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан