Алымкадыр Бейшеналиев "Кыргыз фармациясы" дары алууда акчаны үнөмдөп калганын айтты

"Кыргыз фармация" ишканасы дары-дармектин 600дөй түрүн 290 саламаттык сактоо уюмуна жеткирип берди. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин дары каражаттары тендер аркылуу сатылып алынчу. Ишкана фирмалардан дары-дармектерди түз сатылып алынгандыктан акча үнөмдөлүүдө.

"Бейтаптар ооруканадан чыккан соң, дарылануусун үйдө улантат. Жарандарды арзан баадагы дары-дармек менен камсыз кылуу үчүн өлкө боюнча 84 "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы ачылды. Ал жакта дарылар 25 пайызга чейин арзан болуп жатат", - деди министр.

Ошондой эле ал "Кыргыз фармация" 90 фирмадан, 30дан ашык өлкөнүн заводдорунан дары каражаттарын алып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан