Ошто 2 тоннадан ашык мыйзамсыз өндүрүлгөн спирт ичимдиктери табылды (видео)

Ош шаарында 2 тоннадан ашык мыйзамсыз өндүрүлгөн спирт жана спирт ичимдиктери аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, “Г” аттуу жаран шериктери менен Тажикстандан аткезчилик жолу менен алынып келинген спирт ичимдиктеринен жасалма спирт ичимдиктерин даярдап, Ош шаары жана Ош облусунун аймагында сатып жүрүшкөндүгү аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси (Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

"Жапалак айыл аймагында жайгашкан курулушу бүтө элек жеке турак үйдүн жер төлөөсүнөн 5 литрлик желим бөтөлкөлөргө куюлган 1950 литр спирт табылды.

Мындан сырткары Кара-Суу районуна караштуу Манас айыл аймагындагы үйдүн унаа токтотуучу жайынан 590 литрдей спирт ичимдиктери алынды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда соттук экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ошто 2 тоннадан ашык мыйзамсыз өндүрүлгөн спирт ичимдиктери табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан