Бакай-Ата районунун прокурорунун мурдагы орун басары пара алып кармалды

Талас облусунун Бакай-Ата районунун прокурорунун мурдагы орун басары пара менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалымдалгандай, атайын кызмат Айтматов районунун прокурорунун улук жардамчысын (Бакай-Ата району боюнча прокурордун мурдагы орун басары) ишкердик субъектиден 90 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

“Айтматов районунун прокурорунун улук жардамчысы С.Р. компаниянын жетекчисинен мамлекеттин пайдасына салыктык чегерүүлөргө байланыштуу маселелерди чечүү үчүн 100 миң сом талап кылган. 25-июлда ал 90 миң сомду алып жаткан жеринен иш бөлмөсүндө кармалды”, - деп айтылган маалыматта.

Учурда бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп, шектүү камакка алынган

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан