Бүгүн, 29-июлда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну Токтобек Бапышов SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө айыл менен райондордо каттаган жалгыз коомдук транспорт иштебей турганын билдирди.
Анын айтымында, алты айдан бери Кара-Кулжа районунун Түшүнүк айылындагы жалгыз коомдук транспорт белгисиз себептерден улам токтоп турат.
Ал транспорт жок эл кыйналып жатканын айтты.
"Буга чейин аймакта жол кеңейтилип, жол белгилери коюлары айтылган. Бирок андай иштер боло элек. Жол белгилери буга чейин да болгон эмес. Жеңил унаалар үчүн каттам ачык, ал эми коомдук транспорт үчүн жабык болууда. Ар ким өз унаасы менен каттап жатат.
Жол белгилерин айыл эли өздөрү коюшу керекпи? Ар кимиси ар кандай шылтоолорду айтып, бул көйгөй чечилбей келет. Айыл эли маршруттук автобустун иштешин суранат ", - деди ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.