Учурда эмгек рыногунда абал туруктуу. Мындай пикирин бүгүн, 29-июлда эмгек министри Жылдыз Полотова билдирди.
Анын айтымында, жумушсуздуктун саны акыркы 2 жылда 7,7 пайызга төмөндөгөн.
"Ушул жылдын 6 айына карата расмий түрдө жумушсуз 58 миң 200 адам болгон, бул өткөн жылга салыштырмалуу 18,2 пайызга төмөн. Ал эми 6 миңден ашуун адам жумушка орношту. Учурда биз жарандарды бош орундарга жумушка орноштуруунун үстүндө активдүү иштеп жатабыз", - деди министр.
Ошондой эле ушул тапта өлкө боюнча 12 миң 553 бош орун бар экенин кошумчалады.