Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары өлкө аймактарын кыдырып, эл менен жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда президенттин администрациясынын маалымат саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасында бөлүштү.
Анда белгиленгендей, топтун курамында элдин суроосуна жооп берип, айрым маселелерди жеринде чече турган тийешелүү жетекчилер, кызматкерлер коштоп жүрөт.
"Ош, Жалал-Абад облустарын Бакыт Төрөбаев, Чүй, Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарын Адылбек Касымалиев, Баткен облусуна Эдил Байсалов барат" деп жазган Орунбеков.
Бийлик өкүлдөрүнүн эл менен жолугушуу графиги төмөндө
- Лейлек району жана Сүлүктүү шаары 1-август, саат 10:00 Раззаков шаарындагы Маданият үйүндө;
- Баткен району жана Баткен шаары боюнча 1-август, саат 16:00 А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында;
- Кадамжай району 2-август, саат 10:00 Ж.Мамажанов атындагы маданият үйүндө;
- Кызыл-Кыя шаары 2-август, саат 14:00дө шаардык мэриянын жыйындар залында болот.
- Талас шаары, Талас жана Бакай-Ата райондору боюнча 1-август, саат 10:00 К.Медетбеков атындагы облустук музыкалык драма театрында;
- Айтматов жана Манас райондору боюнча 1-август, саат 15:00дө Кызыл-Адыр айылындагы “Семетей” кинотеатрында болот.
Ош облусу
- Чоң-Алай району 5-август, саат 10:00 Даарот-Коргон айылындагы Б.Акимбеков атындагы маданият үйүндө;
- Алай району 5-август, саат 15:00 Маданият үйүндө;
- Кара-Кулжа району 6-август, саат 10:00 Р.Абдыкадыров атындагы Маданият үйүндө;
- Өзгөн району 6-август, саат 16:00 райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залы;
- Ноокат району 7-август, 10:00 райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында;
- Араван району 7-август, саат 15:00 райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залы;
- Кара-Суу району 8-август, саат 10:00 райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залы;
- Ош шаары 7-август, саат 18:00дө С.Ибраимов атындагы драмалык театрында өтөт.
- Кочкор району 5-август, саат 10:00 Ж.Абдыкалыков атындагы райондук маданият үйүндө;
- Жумгал району 5-август, саат 15:00 Чаек айылындагы “Соң-Көл” кинотеатрында;
- Нарын шаары жана Нарын району боюнча 6-август, саат 10:00 Нарын шаарындагы облустук драма театрында;
- Ат-Башы району 6-август, саат 15:00 “Чатыр-Көл” кинотеатрында;
- Ак-Талаа району 7-август, саат 10:00 Баетов айылындагы райондук маданият үйүндө;
- Тогуз-Торо району 8-август, саат 10:00дө райондук маданият үйүндө өтөт.
- Балыкчы шаары 9-август, саат 10:00 Э.Дубанаев атындагы маданият үйүнүн жыйындар залында;
- Ысык-Көл району 9-август, саат 15:00 Бактуу-Долоноту айылындагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин жыйындар залында;
- Түп району 12-август, саат 10:00 Түп айылындагы Х.Карасаев атындагы маданият үйүнүн жыйындар залында;
- Каракол шаары, Ак-Суу району боюнча 12-август, саат 15:00 Каракол шаарындагы облустук музыкалык драма театрынын жыйындар залында;
- Жети-Өгүз району 13-август, саат 10:00 Кызыл-Суу айылындагы маданият үйүнүн жыйындар залында;
- Тоң району 13-август, саат 15:00дө Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт.
- Токтогул району 12-август, саат 10:00 А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө;
- Кара-Көл шаары 12-август, саат 16:00 Энергетик атындагы маданият үйүндө;
- Таш-Көмүр шаары 13-август, саат 10:00дө шаардык маданият үйүндө;
- Аксы району 13-август, саат 16:00 Кербен шаарындагы А.Алымов атындагы маданият үйүндө;
- Чаткал району 14-август, 09:00 Ч.Айтматов атындагы маданият үйүндө;
- Ала-Бука району 14-август, саат 16:00 Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында;
- Майлуу-Суу шаары 15-август, саат 10:00 шаардык маданият үйүндө;
- Ноокен району 15-август, саат 15:00 Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында;
- Базар-Коргон району 16-август, саат 10:00 Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында;
- Сузак району 16-август, саат 15:00 Сузак райондук райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында;
- Жалал-Абад шаары 17-август, саат 10:00дө облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрында өтөт.
Белгилей кетсек, Тогуз-Торо районундагы жолугушуу Нарын облусуна барганда уюштурулат.
- Кемин району 19-август, саат 10:00дө Кемин шаардык маданият үйүндө;
- Токмок шаары, Чүй району боюнча 19-август, саат 15:00 Токмок шаардык мэриясынын жыйындар залында;
- Ысык-Ата району 20-август, саат 10:00 Кант шаардык маданият үйүндө;
- Аламүдүн району 20-август, саат 15:00 Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында;
- Сокулук району 21-август, саат 10:00 Шопоков шаардык маданият үйүндө;
- Москва району 21-август, саат 15:00 Москва райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында;
- Жайыл району, Кара-Балта шаары боюнча 22-август, саат 10:00 Кара-Балта шаардык маданият үйүндө;
- Панфилов району 22-август, саат 15:00 Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында;
- Бишкек шаары боюнча жолугушуу 2-августта А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында саат 10:00дө болот.