Кыргыз куткаруучулары эл аралык мелдеште 3-орунду ээледи

Кыргыз куткаруучулары Беларуста өткөн “Күчтүү өрт өчүрүүчү-куткаруучу” аталышындагы спорттук мелдеште үчүнчү орунду ээледи. Бул жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Ага ылайык, сынак 26-27-июль күндөрү Беларустун Брест шаарында өрт өчүрүүчү куткаруучулардын арасында өткөн.

Аталган мелдешке Беларустан, Орусиядан жана Кыргызстандан жалпы 11 команда катышты. Ал эми өлкөнүн намысын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6 куткаруучусу коргошту.

Мелдеште катышуучулар кырсык учурундагы куткаруу ишинде колдонулган көндүмдөрдү спорт талаасында сынашты. Жыйынтыгында 1-орунду Беларусь өлкөсү, 2-орунду Орусия, 3-орунду Кыргызстан ээледи.

Иш-чара Беларусь өлкөсүнүн 25-июль – Өрт куткаруу кызматынын түзүлгөн күнүнө жана Брест шаарынын немец баскынчыларынан бошотулган күнүнүн 80 жылдыгына карата уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан