Тажикстандан баңгизат ташууга шектелип 28 жаштагы тургун кармалды

Тажикстандан Кыргызстанга афган тектүү баңгизаттарды ташып келүү жана сатуу боюнча туруктуу каналдын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Маалыматты бүгүн, 29-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, 5-июлда Лейлек районунун Кулунду айылынын кире беришинде баңгизатын мыйзамсыз ташуу жана сатуу менен алектенген кылмышка шектелип Лейлектин 28 жаштагы П.Д. аттуу тургуну кармалган.
Кармалган учурда шектүүнүн жанынан скотч менен оролгон эки тегерек брикет болгон. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган баңгизаттар афган тектүү, салмагы 2 килограмм 100 граммды түзгөн "гашиш" (чарс) болгону такталды.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан