Бишкекте англиялык режиссёрдун тасмасынын жабык көрсөтүүсү өттү

Кечээ, 29-июлда Кыргыз Улуттук тарых музейинде англиялык режиссёр, продюсер Питер Дэвистин “Манасчы” жана “Жети уруу, жети ата” аттуу даректүү тасмаларынын жабык көрсөтүүсү болду.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиргендей, жабык көрсөтүүгө министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун өкүлдөрү, тасманын продюсери жана жаратуучулары катышты.
"Өткөн жылы кыргызстандык “Tenti Group” компаниясы “Flux Films” командасы менен биргеликте тарткан бул тасмалар өлкөнүн бай маданиятын жана тарыхын чагылдырат. Ошондой эле маданий мурастарыбызды жергиликтүү жана чет элдик көрүүчүлөргө көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет", - деп жазылат анда.
Ошондой эле иш-чарада өлкөнүн жаратылышы жана тасма талаасындагы каармандар тартылган чакан сүрөт көргөзмө уюштурулган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан