Париж-2024: Медалдардын саны боюнча азиялыктар лидерликке чыкты (тизме)

Париж шаарында өтүп жаткан XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарында Япония, Франция жана Кытай курамалары алдыңкы үчтүккө чыкты.

Бүгүн, 30-июль Бишкек убактысы боюнча саат 09:50гө карата Япония 6 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медалы менен биринчи орунда. Экинчи орунга үй ээлери болгон Франция 5 алтын, 8 күмүш, 3 коло медалы менен жайгашса, Кытай 5 алтын, 5 күмүш жана 2 колосу менен үчүнчү орунга жайгашты.

Париж Олимпиадасы 26-июлда башталган жана 11-августка чейин уланат.

Олимпиадага Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан