Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында кечээ, 29-июлда жаңы бала бакчанын имаратынын ачылышы болду.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиргендей, ачылыш салтанатына парламент депутаттары, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, "Кумтөр" ишканасынын жетекчилиги, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
90 орундуу бала бакча "Кумтөр" ишканасында иш учурунда кырсыктап каза болгон Өмүрбек Ишенбековдун ата-энеси тарабынан демилгеленип курулган.
Ишкана маркумдун ата-энесине компенсация түрүндө төлөп берген 10 миллион сом толугу менен бул бала бакчанын жаңы имаратын курууга сарпталган. Калган жетпеген сумма мамлекеттен бөлүнүп, бардык шарттары менен жабдылган, балдарга ылайыктуу, заманбап имарат тургузулду.