Ысык-Көлдө 1-5-август күндөрү Кыргызстандын кум үстүндөгү футбол боюнча Кубогу ойнотулат. Мелдеш Тосор айылында орун алат. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул кубок жетинчи жолу ойнотулууда. Анын учурдагы ээси Түп районунун командасы.
Оюндар көрүүчүлөр жана эс алуучулар үчүн жеткиликтүү болот. Андан сырткары түз алып берүүлөрдү Kyrgyz Sport TV каналынан көрсөтүлөт.