"Бишкек жарык" муниципалдык ишканасы Ленин районунун Садыбакасов, Шералиев жана Актан көчөлөрүнө жарык орнотту. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда шаардык мэриядан кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарага мэрдин орун басары Рамиз Алиев муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте катышты.
"Долбоордун алкагында ар биринин кубаттуулугу 100 ватт болгон 126 чырак жана 32 темир-бетон таянычтары орнотулган. Ишенимдүү энергия менен камсыз кылуу үчүн 4500 метрден ашык изоляцияланган зым (СИП) өткөрүлдү", - деп жазылат анда.