Ноокен районунда бир үй-бүлөнүн үйүнө кирип, аларды сабап, тоноочулук кылганга шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, кылмыш 12-июль күнү түндө Кызыл-Кыргызстан айылында болгон. Анда 30 жаштагы А.А. аттуу тургундун үйүнө кара бет кап кийген белгисиз 4 жаран кирип барып, аны уруп-согуп, бычак менен коркутуп, колдорун байлап, оозун скотч менен ороп, чөнтөгүнөн 5000 сом акчасын жана уюлдук телефонун алган.
Андан кийин үйдүн ичине терезе аркылуу киришип, атасы менен апасын, алардын 13 жаштагы небересин сабап качып кетишкен.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголду.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Ноокен районунун 39 жаштагы тургуну М.Р., 40 жаштагы Ж.Б., 35 жаштагы О.М., 34 жаштагы К.Ш. жана 30 жаштагы А.у.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмыш ишине шектүү 5 жаран мурда ар кандай оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасап соттолгондугу маалым болду.
Алар Ноокен райондук соту тарабынан эки айга камакка алынды.