Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев Кыргызстанда АКШ долларынын курсу эмнеге төмөндөп жатканын 30-июлдагы маалымат жыйынында түшүндүрдү.
Ал доллардын арзандашын туристтик сезонго байланыштырды.
"Жайында көптөгөн туристтер келет, аны менен кошо өлкөдө доллардын көлөмү көбөйүп, ушундай тенденция жаралууда. Улуттук банк күн сайын абалга көз салып, текшерип турат. Валюта рыногундагы туруктуулукту камсыз кылуу үчүн жыл башынан бери 15 интервенция жасалды. Анын 3 жолкусунда рынокко доллар саттык, 12 жолу доллар сатып алдык. Жалпы 380 миллион долларлык интервенция жасалды", - деди Мелис Тургунбаев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда соңку учурда доллардын сомго карата наркы төмөндөп, учурда 83-84 сомдун тегерегинде сатып алынып, сатылууда. Доллардын сомго карата наркы апрель айында 89 сом, май айында 88 сомдун тегерегинде болчу.