Чүй облустук милициясы бүгүн, 30-июлда Сокулукта өспүрүмдү кордогонго шектелип кармалган, өзүн “Принц” деп атаган жарандын белгисиз адамдар тарабынан сабалып жатканы боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, бул окуя Сокулук РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, окуя боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Милиция жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилерин билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн социалдык тармактарда Сокулукта өспүрүмдү кордогонго шектелип кармалган жаранды белгисиз бирөөлөр жазалап жаткан видео тарады.