Химия боюнча 56-эл аралык олимпиадада UWIS Эл аралык мектебинин 12-классынын окуучусу Иван Решетников коло медаль, Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын окуучусу Эржан Жапаров Ардак грамота алды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, химия боюнча олимпиадага дагы Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Нурхан Турдубаев жана “Сема” Ош лицейинин 10-классынын окуучусу Максатбек Кахраманов катышты.
Команданы Дооронбек Маметов, Нурсултан Соодонбеков жана Сарвар Хайдаровдор жетектеп барышты.
Белгилей кетсек, химия боюнча эл аралык олимпиада 22-29-июлда Сауд Арабиясында өттү.