Баткенде чет элдик жарандан 15 килограмм гашиш табылды

Баткенде эл аралык баңги тобунун мүчөсү 15 килограмм баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан багыты боюнча эл аралык баңги каналын уюштурган кылмыштуу баңги тобунун ишмердүүлүгүн аныктады.

"21-июлда облустун Кызыл-Кыя шаарынын аймагында эл аралык баңги тобунун мүчөсү, чет өлкөлүк Д.М. кармалып, андан салмагы 15 килограмм болгон (базар баасында 6 миллион 500 миң сом) 15 брикет кара куурай чайыры (гашиш) алынды.

Тергөөнүн жыйынтыгында кармалган жаран баңгизат каражаттарын Өзбекстандын Фергана облусуна сатарын моюнуна алган", - деп маалымдалды.

22-июль күнү Ош шаардык соту тарабынан Д.М.ны ушул жылдын 16-сентябрына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандап алынды.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатканы кабарланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан