Бүгүн, 30-июлда Бишкекте сарайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, Октябрь районундагы Оренбурская көчөсүндө жайгашкан сарайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Тилсиз жоого саат 14:11де №5 ӨКБдан 1, кошумча саат 14:20да 1, жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Жабыркагандар жок.
ӨКМ кошумча маалымат берилерин билдирди.