Өлкөдө 2015-жылдын 7-майынан тартып быйылкы жылдын 29-июлуна карата Улуттук банк аффинаждалган өлчөнгөн алтын куймаларды 2,1 миллиард сомго саткан. Бул туурасында бүгүн, 30-июлда мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, өлчөнгөн алтын куймалардын бардык түрүнө туруктуу суроо-талап бар.
“9 жыл аралыгында көлөмү 486,1 килограммдагы, 21 728 даана алтын сатылган. Үстүбүздөгү жылдын жети айында 21,6 килограмм салмактагы 2053 даана алтын 144,5 миллион сомго кеткен”, - деп белгиленген маалыматта.