Чүй облусунун Кемин шаарында жайгашкан унаа мектептеринин жетекчилери менен кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, КООСТО жана А.К. унаа мектебинин жетекчилери жана кызматкерлери мыйзамсыз түрдө 2021-2023-жылдары өлкө аймагынан тышта жүргөн жарандарга окугандыгы тууралуу документтерди беришкен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) жана 379-беренесинин (Документтердин жасалмасын жасоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары А.К. мектебинин 39 жаштагы директору, КООСТОнун 26 жаштагы мурдагы директору жана 34, 64 жаштагы окутуучулар кармалган. Ошондой эле текшерүү учурунда жасалма документ жасоо боюнча 45 факты аныкталган.
Учурда тергөө иштери улантылууда.