
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында документтери жок иштеп келген скутер алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
"Күнүмдүк рейддик иш-чаралардын алкагында туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс-алуучу жайлардын биринде уруксат берүүчү документтери жок суу аттракциону катары колдонулган скутерди аныкташкан", - деп билдиришти облустук милициядан.
Бул факты каттоого алынып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.