ИИМ: "Шылуундар жарандарды уяттуу видеолорго жүзүн коюп монтаждап, шантаж кылууга чейин жетти"

Ички иштер министрлиги жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырды.

Маалыматта азыркы учурда кибер кылмыштар көбөйүп, алдамчылар жарандардын социалдык тармактардагы аккаунттарына чейин кирип, тизмесинде болгон бардык досторунан карызга акча сурап, акча котортуп, уяттуу видеолорго жүзүн коюп монтаждап, шантаж кылууга чейин жеткени белгиленген.

"Жакын адамыңыздан же бейтааныш номерден күтүүсүз СМС билдирүү келсе эмоцияга алдырбай окуянын чын-төгүнүн байланышып тактап көрүңүз.

Жеңил жол менен эч ким эч качан эч нерсе бербей тургандыгын эстен чыгарбаңыз. Өз каражатыңызга сак болуңуз. Оңой акча капканда гана болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Видео: Талас ОИИБдин басма сөз кызматы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан