"Түндүк" темир жол бажысы атайын техниканы мыйзамсыз алып келүү фактысын аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда Мамлекеттик бажы кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, келтирилген зыяндын суммасы 900 миң сомдон ашты.
"Аламүдүн" бажылык тариздөө жайында "Э." компаниясына келип жаткан товарларды бажылык текшерүүдө кузов бөлүктөрү катары декларацияланган "Komatsu" жана "Toyota Jobsun" маркасындагы атайын техникалар табылган. Бирок текшерүү учурунда аталган товар комплекттелген жана кыймылда экени аныкталган.
"Бюджетке келтирилген зыяндын суммасы, туумдарды кошкондо 906 миң 956 сомду түздү. Чогултулган материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.