Сууга түшкөн балдар кубанып... Бишкекте дагы бир эс алуу аймагынын ачылышы болду (сүрөт)

Бишкектеги Комсомол көлүндө сууга түшүү сезону жана Кара-Жыгач токоюндагы эс алуу аймагынын ачылышы болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда калаа мэриясы билдирип, сүрөттөр менен бөлүштү.

Маалыматта айтылгандай, иш-чарада асфальтка сүрөт тартуу боюнча мастер-класстар уюштурулуп, концерттик программа даярдалган.

Ошондой эле сынактар, викторина жана оюн-зоок программасы тартууланды. Мындан тышкары спорттук мелдештер (стол тенниси, футбол, пионербол, балдар үчүн жеңил атлетика, эстафета, аркан тартыш, таяк тартыш) өткөрүлдү.

Токойдун аймагында батут жана фудкорт аянтчалары орнотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан