Улан Ниязбеков Катардын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Бүгүн, 30-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков Катардын Кыргызстандагы элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри менен кызматташтыкты талкуулады. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Жолугушууда Ниязбеков эки мамлекет ортосунда соода, коопсуздук, энергетика, саламаттык сактоо, инвестициялар жана туризм сыяктуу маанилүү чөйрөлөрдө кызматташтык активдүү өнүгүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле ал кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөшүү максатында ИИМ менен Катардын ИИМинин ортосундагы кызматташууну мындан ары дагы өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.
Өз кезегинде Али Жабир Мухаммад Аль-Куран Аль-Масри Катардын Кыргызстандагы элчилиги эки тараптуу мамилелердин мындан аркы жемиштүү өнүгүшүнө даяр экендигин баса белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан