Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы театрда оңдоо иштери башталды

Бишкек шаарындагы Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында оңдоо иштери башталды.
Маданият министрлигинен билдиргендей, театрды оңдоп-түзөө иштери үчүн бюджеттен 79 миллион сомдон ашык акча каражаты бөлүнгөн. Оңдоо иштеринин жүрүшү менен министрдин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев таанышып чыкты.
"Ушул күнгө чейин аталган театр Улуттук маданий борборго тиешелүү болуп келген. Мекеме 1951-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Пионерлер үйүнүн имараты, 1994-жылы Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры көчүп кирген", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан