Ош облусунун Алай районунун Кум-Шоро айылындагы 100 орундуу №32 мектептин курулушу аяктап калды. Бул тууралуу кечээ, 30-июлда Мамлекеттик курулуштан билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор боюнча эки кабаттуу окуу корпус, спорттук зал, көмүр сактоочу жай, сырткы ажаткана, суу сактоочу кампа жана оюн аянтчалары каралган. Объекттин жалпы аянты 1641 чарчы метрди түзөт.
Учурда мектептин айланасын көрктөндүрүү жана футбол, волейбол аянтчаларын куруу иштери жүрүүдө. Үстүбүздөгү жылы курулуш иштери толугу менен аяктап, пайдаланууга берилет.
Белгилей кетсек, объекттин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.