Бостериде "Алтын кум" пляжында аял киши парашюттан кулап түштү. Бул тууралуу видео Black list Инстаграм баракчасына жарыяланды.
Видеодо окуяга күбө болгондор аттракциондун кызматкерлери "Тез жардам" чакыруудан баш тартышканын, видеого тартууга тыюу салышканын айтышкан.
Күбөлөрдүн бири болгон окуяны видеого тартып жаткан учурда парашютту башкарган адам анын уюлдук телефонун алып качып кетүүгө аракет кылып, жаңжал чыккан.
Ал эми Ысык-Көл ОИИБи бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын маалымдады.
Кошумча маалымат берилет.