Өлкөдө антисанитардык субъекттерге 400 миң сомдон ашык айып пул салынды

Өлкө боюнча санитардык талаптарды аткарбаган субъектилерге 456 500 миң сом айып пул салынды. Бул туурасында бүгүн, 31-июлда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, министрликтин Ветеринардык кызматы мораторийге байланыштуу 2024-жылдын I-II кварталында текшерүү жүргүзгөн эмес. 14-мартта президенттин “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилип, 1-июлдан тарта пландуу текшерүүлөр башталган.

Анын алкагында Экономика жана коммерция министрлиги менен макулдашылып, Ветеринардык кызматтын шаардык жана райондук башкармалыктары тарабынан 1290 субъект текшерилип, 456 500 миң сом айып пул салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан