Израилдин 28 жана 29-июлда Газага жасаган кол салууларынан кеминде 19 палестиналык, анын ичинде балдар каза болгонун эксклавдын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Жабырлануучулар жаткырылган Насер ооруканасынын өкүлүнүн айтымында, Хан-Юнустун борборундагы үйгө жасалган аба соккусунан кеминде 10 киши набыт болгон.
Газанын Жарандык коргонуусу дагы бир аба соккусу Израил армиясы мурда жер которгон палестиналыктар үчүн "гуманитардык аймак" деп жарыялаган Аль-Маваси аймагындагы качкындардын чатырларын бутага алганын билдирди. Катуу соккудан кеминде 4 киши каза болгон.
Кувейттин адистештирилген талаа ооруканасы каза болгондордун арасында 1 жашка чыга элек кыз бар экенин тактады. Клиникадан тартылган видеодо үрөй учурарлык көрүнүш көрсөтүлдү, анда канга боёлгон кийимчен башы жок баланын жансыз денесин кармаган адам Хан-Юнустагы оорукананы көздөй басып баратат.
Жарандык коргонуунун басма сөз катчысы билдиргендей, Израилдин Газа шаарында жана Дейр-эль-Балахга жасаган чабуулдарынан дагы 5 киши каза болду.
БУУнун маалыматы боюнча, Израилдин Хан-Юнуска кайрадан басып кирген алгачкы төрт күндүн ичинде кеминде 180 миң палестиналык жер которгон.