
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары эртең, 1-августтан тарта өлкө аймактарын кыдырып, эл менен жолугушат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат кызматынын башчысы
Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, топтун курамында элдин суроосуна жооп берип, айрым маселелерди жеринде чече турган тиешелүү жетекчилер, кызматкерлер коштоп жүрөт.
Ош, Жалал-Абадга Бакыт Төрөбаев, Чүй, Ысык-Көл, Талас жана Нарынга Адылбек Касымалиев, ал эми Баткен облусуна Эдил Байсалов барат.
Ошондой эле ал Бишкек шаарындагы жолугушуу 2-августта Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтөрүн белгилеп, аймактардагы жолугушуунун графигин
жарыялады.