Биз социалдык тармакта

Милиция Маевка айылынын астындагы жерди мыйзамсыз басып алган кишини кармады

Чүй облусунуна караштуу Маевка айылындагы айыл чарба жерлерине мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн деп шектелип бир жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-майда милицияга муниципалдык башкармалыктын башчысы арыз менен кайрылган. Ал айылдын №396 контурунда жайгашкан сугат жерлерди белгисиз бирөөлөр мыйзамсыз ээлеп алышып, ал жерге турак жайларды куруп жатышканын айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин (Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1987-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

31.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан